ДОС
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Достук мамиледе болууга убадалашып, бири-биринен эч нерсе аянышпаган, өз ара алыш-бериш байланыштагы достошкон адамдар, достошкон жолдош. Кыяматтык ошондо, Дос болушуп калды дейт («Эр Төштүк»). 2. Бири-бирине карата кастыгы, душмандыгы жок, жакшы мамиледеги ак ниет, жакын, тилектеш, жолдош. Ойлоп-ойлоп алысты жуук, эл журтту дос кылган ушу биздин өкмөттүн илимине чын пейлимде ыраазы болдум (Сыдыкбеков). Достору, тааныштары Андрейдин жолун тороп, көрүшүп калышты (Сасыкбаев). 3. Жакшы көңүлдөн кандайдыр бирөөлөргө карата кайрылууда колдонулат. Кел, досторум, катар менен чоң жеңишке басалык (Токомбаев).